Кече, 19-август кечинде Ооганстандан дагы 24 Кыргызстандын жараны чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Афганстан Ислам Республикасындагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштууПрезидент Садыр Жапаров тарабынан Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо тапшырылган.
Алгач, Америка тарабынан уюштурулган атайын учак менен Кабулдагы 9 жаран, эчличиктин жардамы менен Катар мамлекетине чыгарылган.
Бир күн кийин, 18-августта Казактандык учак менен дагы 15 кыргызстандык Алматы шаарына келген. Тышкы иштер министрлиги, кечээ, 19-августта алардан башка дагы 24 жаран афганстандан чыгарылганын айтты. Бирок, алар кайсы мамлекетке чыгарылганы айтылган жок.
Ал эми, биринчи чыгарылган 9 жаранды Катар мамлекетинен алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирет министрлик.