Бүгүн, 11-июль, саат 18:00гө карата шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 25,22%ын түзөт.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.