Мурдагы күйөөсү зордуктап, кулагын жана мурдун кескен Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
«Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын дарыгерлерине ыраазымын», — деди ал.
Эске салсак, 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган. Ал 20 жылга кесилип, Ногойбаевага компенсация катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Буга чейин Аселге Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ал дагы бир нече оор жана кымбат операция жасаларын айткан эле.