7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келерки жылдан тарта Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан каржылайт

136

Өзбекстан келерки жылдан тарта «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкентте өтүп жаткан «Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам» аттуу эл аралык конференцияда жарыялады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү багытындагы өнөктөштүктү бекемдеп келет.

«Региондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен чогуу «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун каржылоону баштайбыз», — деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн энергетика жетекчилери менен бирге, Кыргызстан энергетика министри Таалайбек Ибраевге Өзбекстанга ири инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды кеңири киргизүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

137