7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кемин районунда үй жайсыз жарандар атайын приюттарга жайгаштырылды

197

Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 25-27-ноябрь күндөрү “Бродяга” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул облусунун ИИББ билдирди.
Аталган иш-чаранын максаты көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда жүргөн үйсүз жарандардын суукка тоңуп калуусун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкулдөрү менен биргеликте уюштурулган. Анда коомдук жайларда кайыр сураган жарандарды аныктап, аларды атайын приюттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да да катышып, өспүрүмдөр арасында кризистик абалда жашаган балдарды аныктоо жана аларды атайын балдар үйлөрүнө жайгаштыруу иштери жургүзүлдү.

«Алдын алуу иш-чарасы учурунда Кемин районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан 2 базар, 6 колдонулбай калган имараттар жана башка коомдук жайлар текшерилип, ИИОго 25 жаран жеткирилип алар менен тиешелүү кызматтар жумуш алып барышты. Андан сырткары 15 жаш өспүрүм менен алдан алуу иштери жүргүзүлдү.
Ар бир жаран социалдык абалына карабастан, алардын ар кандай кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу үчүн мындай иш-чаралар Чүй облусунун баардык аймагында жүргүзүлүүдө,»-деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

198