Чүй облусунун Кемин районунун тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, диний-экстремисттик түшүнүктөрүн мыйзамсыз жолдон кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Натыйжада, Чүй облусунун Кемин районунун тургуну «К.И.Д. «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын билдирди жана башка жарандарды да бул сыяктуу уюмдарга кошулбоого чакырды.
2010-жылы эмиссарлар тарабынан «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмдун катарына кабыл алынып, тыюу салынган экстремисттик агымдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен активдүү алектенген.