7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде 16 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, токойго алып барып таштап салган

5321

Чүй облусунун Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-июнунда Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен жаш кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кемин РИИБнин ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгып, денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Кийин болжол менен саат 17:30 чамасында  Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда чыгып кеткен бойдон жок болуп, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Х.О. экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Каза болгон кыздын апасы суралып, 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүткөрүп алып, барарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

2021-жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын унаасын сурап, кыздын сөөгүн жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.

Эскерте кетсек, учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5322