7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде 2 аткаминер пара алып жаткан жеринен кармалды

346

Кемин райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы кармалды . Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.

1-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анда Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызмат адамдары И.Г.Ч аттуу жарандан жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алуусу үчүн 130 миң сом акча каражатын опузалап талап кылышкандыгы аныкталды.

Аталган иштин алкагында Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 70 миң сом пара алып жаткан жеринен бөлүм башчысы А.Т.З. , А.Г.З. жана К.Ш.Т., ошондой эле Кемин райондук архитектурасынын башчысы кармалды.

Аталган кызматкерлер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

347