7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде киши өлтүрүүгө шектелип 66 жаштагы эки жаран кармалды

218

Кеминде киши өлтүрүүгө шектелип 66 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 11-январда болжол менен саат 13:10 чамасында Кемин РИИБүнө Кемин шаарындагы үйлөрдүн биринен бычактан көз жумган эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда Кемин шаарындагы үйлөрдүн биринен 1960-жылы туулган А.А. аттуу жарандын бычактан алган жаракаттары бар жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денеси өлүк сактоочу жайга жөнөтүлүп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар экспертизалар дайындалган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2026-жылдын 11-январына караган түнү маркум Б.Т. аттуу жарандын үйүндө болуп, ал жана алардын таанышы С.К. менен бирге спирт ичимдиктерин ичип отургандыгы аныкталган. Кылмыш жасалгандан кийин С.К. аттуу жаран окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1960-жылы туулган Б.Т. жана 1960-жылы туулган С.К. аттуу жарандар аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

 

219