7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кеминдеги 16 жашар кыздын өлүмү». Шектүү күнөөсүн мойнуна албай жатат

607

Кеминде 16 жаштагы Ольга Хабарованы өлтүрүүгө айыпталып жаткан адам күнөөсүн мойнуна албай жатат. Бул тууралуу жабыркаган тараптын жактоочусу Назира Абдумуминова билдирди.

Анын айтымында, учурда кылмыш ишин Кемин райондук соту карап жатат. Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Белгилей кетсек, кылмыш 21-июнда Кемин шаарында болгон. Мектеп окуучусу ошол күнү эртең менен 9-класстын аттестатын алган. Андан соң кошунасынын телефону менен апасына чалып, эгин талаасындагы сугат иштери бүткөндө үйүнө келерин кабарлаган, бирок ошол бойдон кайтып келген эмес. Анын жансыз денеси ошол эле күнү шаардын чекесиндеги токойдон табылып, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган.

Адам өлтүрүүгө шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя болгон күнү кыз чындыганда эле андан апасына чалыш үчүн телефон сураган. Ошол учурда шектүү кызга тийишип, зомбулук көрсөтүп баштаган. Кыз кыйкырып, коркуп баштаганда эл укпасын деп кызды муунтуп өлтүргөн. Анын сөөгүн жашыруу үчүн кошунасынын унаасын сурап, сөөктү унаа менен токойго алып кеткен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608