7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминдеги «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

127

Өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен Чүй облусунун Кемин районундагы «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунда жайгашкан “Долпран” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык зыян келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана ӨКМдин Токой кызматынын кызматкерлеринин арасынан текшерүү комиссиясы түзүлгөн.

Жыйынтыгында, текшерүү учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган: 14 398,6 м2 жер бети талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, жер бузулган, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген жана «Жер казынасы жөнүндө» КР мыйзамынын талаптары бузулган, ошондой эле «Кооптуу өнөр жай объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелеринин» бузулуусу аныкталган.

Мындан тышкары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Мындан улам, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 20-ноябрында Т.Д. аттуу (кытай жараны) алтын казуучу компаниясынын башкы директору кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

128