7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминдеги төрөт бөлүмү ИВЛ аппараты менен санариптик рентгенге муктаж

433

Кеминдеги 20 орунга эсептелген оорукананын төрөт бөлүмү ымыркайлар үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына жана санариптик рентгенге муктаж. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кемин районунун аймактык ооруканасында капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн, ага республикалык бюджеттен 22,4 млн сом бөлүнгөн.


Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин донордук каражаттарынын эсебинен учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүүдө.


Мындан тышкары, төрөт жана хирургиялык бөлүмдөр жайгаштырылчу имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси турат. Иштин сметасы 20 млн сомдон ашуун сумманы түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434