7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кенжебаев: Кемпир-Абад жөн эле шылтоо, башкы максаты бийликти кулатуу болду

389

Коомдук ишмер Азамат Кенжебаев: Кемпир-Абад жөн эле шылтоо, башкы максаты бийликти кулатуу болду.

«Оппозициячыл күчтөр ушул келишимди пайдаланып өлкөгө чон тополоң салууну көздөштү. Анткени, Үзөңгү-Кууш Акаевдин бийлигинин кетишине, Каркыра Бакиевдин доорунун бүтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде таасирин берген. Ошондуктан алардын кийинки президенттер мындай олуттуу маселеге баш оорутуудан коркуп калышкан. Бирок чек ара эртеби кечби чечилиши керек болчу. Чек араны тактап коюшту эле, Өзбекстан бизден сурабай эле аймактарды зым менен тосуп алды. Ошол эле Мадумаров 1995-жылдан депутат болуп олтурат, бир ооз “Өзбекстан биздин жерге кирип кетти”, — деп айткан эмес. Анын айынан 100дөгөн жаран өлүп кетти. Жарандар кооптуу чек ара аймагында жашоо улантышты. Бул элдин моралдык аң сезимине таасирин берди. Алар биздин жарандарды атышты, а биз эч нерсе кыла албадык. “Биз алсыз элбиз” – деген түшүнүк калыптанып, улуттун духун сындырган саясат жүрдү. Ошондуктан, чекараны чечип алганыбыз жакшы болду. Тарыхка карасак, Кемпир-Абад курулган 1960-жылдары эле суу алдындагы жер үчүн Өзбекстандан компенсация катары жер алып, ал жерге 14-15 айыл куруп койгонбуз. Жаңы келишимдин негизинде дагы Өзгөн, Сузак райондору тараптан миң гектардан ашуун жер алдык. Бул абдан чоң жетишкендик.

Ал эми каршы болдоргого келсек, мен алардын пикирин карап көрдүм. “Бүтүн Кыргызстан” Маселе ушул бойдон кала берсин, жүз жылдан кийин суу соолуганда кийин да аны өзүбүзгө алабыз”- дейт. Ошондо чек ара чыры дагы улана берсин дегениби. Демек, 100 жылдан Өзбекстан менен конфликтик кырдаал болот, экономикалык байланыш жокко чыгат. Биз бүгүн динамикалуу глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Мамлекеттер аралык алакалар тынбай жүрүп турушу керек.

Андан сырткары батышчыл күчтөр каршы чыгышты. Айрыкча Текебаев жана “Ата-Мекен” партиясы. Баарыбыз билебиз батыштын саясатын Кыргызстанда айрым партиялар менен бейөкмөт уюмдар жүргүзүшөт. Ал үчүн акча алышат. Ошол кыйкырып жаткандардын 90%ы Кемпир-Абадга барып көрбөсө керек.

Бул маселеге жеке таарынычтарынан улам каршы чыккандар да бар. Мисалы, Талант Мамытов спикерликтен кеткени үчүн, Элвира Сурабалдиева “шайлоочулары бул келишимге каршы болгону үчүн каршы добуш бергенин” – айтты. Ал шайлоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүздүбү. Жок. Көрсө “Кудайберген” базарынын 70 млн сом карызын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюптур.

Кармалгандарга келе турган болсок, булардын сүйлөшүүлөру жашыруун жазылып алынып таратылбадыбы. Ошондо ачык эле элди чыгарабыз, революция кылабыз дегендерин угууга болот. Кемпир-Абад жөн эле шылтоо, башкы максаты бийликти кулатуу болду. Эмнеге батышчыл күчтөр аралашып калды, Анткени, азыр Америка баш болуп, Европадан дөө-шаа өлкөлөрү Россияны алсыратууга катуу киришти. Россиянын союздашы катары бизге да чоң тополоң салууну каалашты. Мында туруксуз абалга алып келүү саясаты роль ойноду.

Биз мындай ички душмандар менен ар дайым күрөшүүбуз керек. Ар кандай мамлекеттин тышкы душмандардын таасиринен эмес, ички душмандардын аракетинен жеңилүүсү бат. Ошондуктан, булардын камалуусу абдан туура болду. Германияда 24 адам массалык түрдө кармалды. Германын саясий түзүлушүн өзгөтүүгө камылга көрүшкөн экен. Бир немец аларды коргоп чыккан жок. Анткени, алар мындай аракеттер өлкө келечегине зыянын тийгизерин билишет.

Дагы ошол эле Германияда 97 жаштагы майыптар коляскасында отурган кемпир кармалды. Ал 1941-19945-жылдары концлагердин жетекчисинин катчысы болгон экен. Ал эч кимди өлтүргөн эмес, жөн гана катчы болуп иштеген. Бирок камашты. Бир дагы немец “кемпирди эмнеге камайсыңар, кандай мыкаачысыңар, бошоткула” деген жок. Себеби, өсө, өнө турган эл адамзаттын тагдырына эн чоң катастрофаны алып келген фашизимдин колдоочусу жазага тартылышы керек деп билет. А бизде дароо эле “70 жаштагы кемпирди, мынча аялды кармашты” дешет. Конституцияда баардыгы: жынысына, жаш курагына, ишенимине карабай бирдей деп турат. Мыйзам бузса, 70теги кемпир болсо да жооп бериши керек. Мына, ошондо гана өнүгүүгө жетише алабыз»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390