7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Улукбек Мариповду куттуктады

301

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповду Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өз куттуктоосунда Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян эки тараптуу мамилелердин, эки өлкө ортосундагы достуктун, саясий өз-ара ишенимдин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал өз-ара пайдалуу жана көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин Премьери Ли Кэцян Премьер-министр Улукбек Мариповго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жоопкерчиликтүү кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302