Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, искусствого эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.
Кыргызстандын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.
Коштошуу зыйнаты тууралуу кошумча маалымдалат.