7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ККМ аппараттарга өтүп баштагандан кийинки салыктын чогулган жыйынтыктары чоң айырма берди

585

ККМ аппараттарга өтүп баштагандан кийинки салыктын чогулган жыйынтыктары боюнча Дайырбек Орунбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.

«2022-жылы салыктан түшкөн кирешенин көлөмү кескин жогорулады:

Мисалы,
2010-жыл 24,2 млрд сом
2014-жыл 42,2 млрд сом
2020-жыл 79 млрд сом
2021-жылы салыктан 105,7 миллиард сом түшкөн.
2022-жылы 156,3 миллард сом чогулган.
Өсүү темпи 2021-жылга салыштырмалуу 148%

ККМ киргизүүнүн жыйынтыгынын натыйжасында:

Кошумча нарк салыгы (НДС)

2021-жыл 15,4 млрд сом
2022-жыл 21,3 млрд сом
Өсүү темпи 138,6%

Пайдадан салык

2021-жыл 7,8 млрд сом
2022-жыл 18 млрд сом
Өсүү темпи 232%

Сатуудан алынуучу салык

2021-жыл 4,9 млрд сом
2022-жыл 6,5 млрд сом
Өсүү темпи 130,6%

Бирдиктүү салык

2021-жыл 358 миллион сом
2022-жыл 2,5 миллиард сом

Өсүү темпи 681,6%

Бирок, эч кандай салыктын жаңы түрү киргизилген жок.

Мындай көлөмдөгү салыкты мурда деле чогултса болмок деген суроо сиздерде дагы жаралышы мүмкүн. Ооба, бирок анда көзөмөлдөчү ККМ аппараттары жок болчу, жарытылуу реформа дагы жасалган эмес. Байлар салыгын жашырып, мамлекетке бербей, салыкчылардын колуна пара карматып, натыйжада мамлекеттин планы толбой жүрө берген.

Мындан ары, салык чогултууда тегиз мамиле болот. Бийликте таанышы бар, же “крышасы” болсо ал дагы салыкты жашырып же төлөбөй коюга жардам бербейт. Ал түшүнүктөр эскирди, өкмөттүн салык саясатындагы реформаларына каршы чыгып жаткандар дагы ошол түшүнүк менен жашап келгендер. Учурда салыгын жашыра албай калышып нааразы болушууда»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586