7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалим коомчулуктан кечирим сурады (ВИДЕО)

2533

Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.

Мугалимдин айтымында, ал эмоцияга алдырып, баланы тартипке чакыруу максатында урушкан.

«Баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушкам. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм», — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-февралда социалдык тармактарда мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен тарап кеткен. Анда 4-класстын окуучусу класска күчүк алып келгени үчүн аны класс жетекчиси катуу тилдеген. Колдонуучулар арасында сынга кабылып, алар мугалимдин педагогикалык жүрүм-турумун сынга алышкан. Окуя массалык маалымат каражаттарында кеңири тараган. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго эскертүү, видеотасмага жана окуучуга орой мамиле жасагандыгы үчүн мугалимге катуу сөгүш берилгенин жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2534