Бүгүн, 19-майда жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Ошондой эле, 19-майдан 22-майга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.