7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ эскертет! Кондиционерди абайлап колдонуңуз!

13

Жайдын ысык аптабында көпчүлүк адамдар кондиционер колдонууга муктаж болушат. Бирок аны туура эмес колдонуу же техникалык талаптарды сактабай иштетүү өрт чыгуу коркунучун жаратат.

Кондиционерди колдонууда сакталуучу бир нече эрежелерди эске салабыз:

  • кесипкөй адистерге орноттуруңуз. Туура эмес орнотуу техникалык катачылыктарга алып келип, кооптуу абалды жаратат;
  • желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционер эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек;
  • тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат, ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жаап кургатууга тыюу салынат;
  • кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Кондиционердеги атайын чыпкасын (фильтр) бир айда бир жолу тазалап туруу абзел;
  • кондиционерди узак убакытка толук иштетип калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын өчүрүп туруу талап кылынат.
  • Түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз!

Кондиционерди колдонууда эрежелерди сактаңыз!

14