7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: Гумжардамдарды бөлүштүрүү жоопкерчилиги жергиликтүү бийликке жүктөлгөн

690

Баткен облусуна жөнөтүлгөн Гуманитардык жүктөрдү бөлүштүрүү акимчилик менен айыл өкмөттөргө бөлүнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык гуманитардык жүктөрдү акимчилик кампаларына жеткирип, инвентаризация боюнча аларга өткөрүлүп берилет. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министирлиги гум жардамды жеткирүү жана координация иштерин жүргүзөт.

«Гуманитардык жардамды чогултуу иштерин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук администрация, облустук өкүлчүлүк жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана ыктыярчылар жүргүзүп жатышат. Лейлек районунун аймагына келген жүктөрдү М.Каримбердиев башында турган комиссия кабыл алат.
Баткен району боюнча жардамдарды кабыл алууну акимдин орун басары К. Кыдырова жүргүзөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жүктөрдү жеткирүү жүктөлгөн. Ал эми бөлүштүрүү иштери Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнө жүктөлгөн», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691