7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт күйүүчү майды түз субсидиялоо маселесин караштырууда

258
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрүп, ага нефтетрейдер компаниялардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.
Минкаб башчысы майдын кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы геосаясий абалдын кесепети экенин белгилеген. Касымалиевдин айтымында, азырынча май куюучу жайларда баанын кескин өсүшүнө жол берилген жок. Буга ички запас өбөлгө болууда.
«Дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук маалында колдонула турган кошумча каржылык жана салыктык инструменттер дыкат иштелип чыкты. Министрлер кабинети мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырууда. Мында мамлекет менен бизнестин консолидацияланган позициясы маанилүү. Нефтетрейдерлер жогорку социалдык жоопкерчиликти көрсөтүшү керек», — деди Касымалиев.
Натыйжада өкмөт башчы Монополияга каршы кызматка өлкөнүн бардык мунай базаларында баага жана запастардын көлөмүнө күн сайын мониторинг жүргүзүүнү тапшырып, Энергетика министрлигине үзгүлтүксүз логистиканы камсыздоого милдеттендирди.
Буга катар тиешелүү мамлекеттик органдарга жасалма тартыштык түзүлгөн же күйүүчү майдын баасы алып сатарлык менен жогорулатылганучурларга дароо бөгөт коюу боюнча көрсөтмө берилди.
259