Анда ал 24 айдан соң, башкача айтканда 2022-жылдын аягына чейин жолдун курулушу бүткөрүлөт деп убадалады.
«Эпкин-Дыйкан жолу Нарын облусундагы көйгөйлүү маселелерден болуп саналат. Мен анын абалы менен жеринде тааныштым. Жолдун абалы начар. «Todini» италиялык компаниясы иштин 70 % ын аткарышы тийиш эле, бирок болгону анын 10%ы аткарылган. Компания менен келишим 2020-жылдын 1-декабрында бузулган. Транспорт министрлигине эки ай ичинде тендер жарыялап жана өткөрүү тапшырылган. Андан соң курулуш иштерин баштоо зарыл. Бул түндүк менен түштүктү бириктирүүчү 70 км жол болуп саналат.
Мындан тышкары, мен жергиликтүү калк менен жолугуштум, анда мектептерди жана мектепке чейинки мекемелердин курулушу, таза жана ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Мен ошондой эле Кочкор районунун Туз айылында болдум, ал жердеги курулуп жаткан мектеп менен тааныштым. Ал 75% даяр, аны жыйынтыктоо үчүн быйыл 16 млн сом бөлүнүп берилет. Мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Белгилей кетсем, Өкмөт аймактын тургундары тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп жазылат билдирүүдө.