7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт Орусиядан келген кумшекер менен өсүмдүк майы кимдерге берилерин айтты

3172

Негизги керектелүүчү азык-түлүк товарларына баанын өсүшү пандемияга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү менен байланыштуу. Бул тууралуу вице-премьер-министр Улукбек Марипов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баалардын өсүшүнө жаз мезгили жана айрым ишкерлер менен өндүрүүчүлөрдүн өз ара келишим түзгөнү таасирин тийгизди.

“Баалардын көтөрүлүшүн алдын алуу максатында өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Кошумча акча бөлүү менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алабыз.

Бул маселе боюнча биз орусиялык өндүрүшчүлөр менен макулдаштык. Учурда анын биринчи партиясы келип түштү. Алып-сатарлардын колуна түшүп калбоосу үчүн биз түздөн-түз улгайган адамдарга жана калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашаган жерлерине социалдык коргоо кызматкерлери аркылуу жеткирүүнү чечтик. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу алар бул азык-түлүктөрдү даректерине жеткиришет. Биз дүкөндөр аркылуу таркатууну ойлодук, бирок айрым шулуундар сатып алып, андан кийин үстүнө баа кошуп сатпашы үчүн, биз аны түз таратып берүүнү чечтик”, — деген министр.

Кармышаков билдиргендей, акча Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эсебинен бөлүнүп, андан кийин орусиялык өндүрүшчүлөрдөн сатып алуу каралган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3173