КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев менен бирге Айдаркен сымап комбинатынын ишмердүүлүгүн жандантуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Бул тууралуу өкмөттүн облустук басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда комбинаттын негизги көйгөйү, суу басып калган шахтаны тазалоо, соц фонд, газ, электр энергиясына болгон карыз маселесин чечүү.
Учурда комбинатта 350гө жакын жергиликтүү туругундар жумуш менен камсыз болгон. Эгер комбинаттын шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе, жумушчулардын санын 1000ге чейин жеткирүүгө шарт түзүлөт.
Аталган тоо кен ишканасы 2020-жылы жалпы 80млн сомдук продукция өндүрүшкөн.
Комбинат жетекчилиги, суу басып калган негизги шахталарын иштетүү менен, жылына болжол менен 300 млн киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болоорун белгилешет.
Жумушчу сапардын алкагында жетекчилер комбинатта буга чейин иштеген ата мекендик инвестор “Северсталь” компаниясы менен кызматташууну кайра кароо жана республикалык бюджеттен жеңилдетилген ссуда берүү зарылдыгына токтолушту.
Учурда Айдаркен сымап комбинаты, сымап жана сурьма кендерин өндүрүп, Россия, Турция жана Арап өлкөлөрүнө экспорттоодо.
Белгилей кетсек аталган аймакта, кеминде 50 жылга жете турган сымаптын жана сурьманын изилденген запастары бар.