Кара-Балта шаарында «Элдик-Народная» саясий партиясынын лидеринин унаасына ок атуу болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Белгилүү болгондой, 19-апрелден 20-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар «Элдик-Народная» саясий партиясынын лидери Назми Бадаловага таандык «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунаасына эки жолу ок атышкан.
«Факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» менен иш козголуп, тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери өз көзөмөлүнө алат», -деп берилет маалыматта.