7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ Такыр-Төр боюнча соңку маалыматтарды берди

314

Ысык-Атадагы Такыр-Төр көлүнүн жырылып кетүү кооптуулугу бар, куткаруучулар тоонун башында күнү-түнү байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.

Ал кечээ жумушчу топ Улуттук академиянын илимий институтунун адистери менен көлгө учуп барып карап, изилдөө жүргүзүлүп жатканын айтты.

  • Суунун көлөмү башында 500 миң куб болсо, азыр анын 300 миңдейи калган. Суу болжол менен үч кубдан алты кубга чейин агып чыгып жатат
  • Кооптуулук сакталып турат. Көлдүн астындагы, жер алдындагы каналдары ачык, суу кичинеден агып жатат
  • Каналдар жабылып көл толуп, нугу жырылып кетүү кооптуулугу да бар. Куткаруучулар күнү-түнү байкап турмакчы

Такыр-Төр көлү 27-июнда жырылып, ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган.

315