7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: Тоолуу аймактардын унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

535

Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыктан кем эмес кыймыл чектелиши зарыл.

«Зарылчылык болбосо сапарга чыгууну, тоодо эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз же күбө болсоңуз “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз»,-деп айтылат маалыматта.

536