7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөттүн 3 айлык планында карапайым элдин жашоосун жакшыртуу каралган

648

Өкмөттүн 100 күндүк планындагы бардык иш-чаралар карапайым калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Планга премьер-министр тарабынан кол коюлган жана анда аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин каралган 50 иш-чара бекитилген. Аларды ишке ашырууда көптөгөн багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Пландын бардык пункттары толук көлөмдө ишке ашырылышы керек.

«Инвесторлорду коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир катар жарлыгына карабастан, жакында жоюлган финансы полициясы тарабынан гана үстүбүздөгү жылдын январь – февраль айында 140 иш козголгон. Текшерүүчү органдар инвесторлорду коркутуу тажрыйбасын токтотушу керек», — деп белгиледи Улукбек Марипов.
Ошондой эле Иш-чаралар планынын ар бир пункту боюнча кеңири түшүндүрмө берген экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиевдин маалыматы угулду.

«Март айына карата төрт иш-чараны ишке ашыруу каралган, анын үчү аткарылган, анын ичинде консулдук кызмат көрсөтүүгө тарифтер төмөндөтүлгөн, бажы чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо функциялары алынып салынды, Бишкекте кесиптик багыт берүү борбору ачылды», — деди ал.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Премьер-министр белгилегендей, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотуу жөнүндө маселе талкууланууда, минералдык жер семирткичтерди сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге кол коюлду.

Соңунда Өкмөт башчы белгилегендей, Планды ишке ашыруу жыйынтыгы боюнча ар бир министрликке тийиштүү баа берилет, ал эми аталган документти ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649