7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү

1702

Ташкентте ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 18-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республиксы) Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы астында кезектеги Шанхай кызматташттык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн (ШКУ АТКТ) 36-отуруму болуп өттү. Бул түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Таджикстан, Өзбекстан Республикаларынын компетентүү органдары жана ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин делегациялары катышышты. Ал эми Кыргызстандан УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Терроризмге каршы борборунун директору, полковник Шаменов Айбек Асанович катышты.

Анда аймактык коопсуздук тараптарынын абалы каралып, Шанхай кызматташттык уюмунун мейкининдеги терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүү деңгээли жөнүндө пикир алмашуулар болуп, коопсуздука зыянын тийгизген чакырыктардын мизин кайтаруу жана эл аралык террористтик уюмдардын коркунучтарын алдын алуу боюнча биргелешкен чаралар аныкталды.
Отурумдун жүрүшүндө ШКУ АТКТ Кеңешинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине отчету жактырылды. ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча 2020-жылдагы программасынын 2019-2021-жылдарга карата аткарылышы жөнүндө маалымат, ШКУ АТКТ Кеңешинин чечимдери каралды. ШКУга мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга карата терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү программасынын долбоору жактырылды. ШКУ АТКТ Аткаруу комитетинин өткөн мезгилдеги ишмердүүлүгүнө баа берилди.

ШКУ мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын 2021-жылы террорчулукка каршы биргелешкен «Пабби — Антитеррор – 2021» машыгууларын, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын башчыларынын сегизинчи жолугушуусу жана ШКУ АТКТ сегизинчи эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүү чечимдери кабыл алынды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын террористтик ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча кызматташтыгын өркүндөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2 миң 178 жана 2 миң 396 токтомдорунун талаптарынын алкагында, чет элдик террористтик согушкерлердин кыймылынын алдын алууга багытталган, алдын ала маалыматтык тутумдарын жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана иштетүү маселелерин каралды.
ШКУ АТКТ Аткаруу комитетинин кадрдык ишин камсыз кылуу жана уюштуруучулук маселелери тууралуу чечимдер кабыл алынды.

2021-жылдын сентябрь айында Өзбекстан Республикасында ШКУ АТКТ кезектеги жыйынын өткөрүү туралуу макулдашуу чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1703