7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү

798

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-мартта Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жөө жүрүш болуп өттү.

Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун Сузак РИИБдин өздүк курамы жана ЖКККБнүн кызматкерлери көзөмөлгө алышты.

Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучулары Сузактын борбордук аянтына топтолушуп, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды.

Бул иш-чарага катышкан райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799