7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жылдыз» бийчилер тобу Италияда өткөн сынакта 1-орунга ээ болду

484

Чүй райондук маданият үйүнүн «Жылдыз» бийчилер тобу Италияда өткөн сынакка катышып 1 орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Италияда эл аралык “Cultura in movinento» онлайн сынагы өтүп, Кыргызстандан катышкан Чүй райондук маданият үйүнүн «Жылдыз» бийчилер 1 орунду багындарды. Сынакка жалпысынан 37 ѳлкѳ катышып, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн.

«Жылдыз» фольклордук ансамбли бул сынакта «Муха-Цокотуха» бийи менен “Эстрадалык бий” наминациясында катышкан. Ансамблдин жететекчиси Быкова Наталья Александровна. Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020 –жылы даярдалган. Бирок, пандемияга байланыштуу иш- чара өтпөй калган. Мындан улам, ансамбаль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң, 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого ваучерди берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келген.

Эске салсак, «Жылдыз» фольклордук ансамбли буга чейин эл аралык, республикалык, аймактык жана шаардык мелдештерде байгелүү орундарды алып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485