7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 айда 200дөн ашык кылмыштуу топ, 10 кримавторитет кармалды

1287

2 айдын ичинде 200дөн ашык кылмыштуу топ, 10 кримавторитет кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш көзөмөлдө жана алар менен күрөшүүгө каражаттар жетиштүү.

Ишкерлер өз ишмердүүлүгүнүн жетиштүү деңгээлде корголгонун билиш керек. Ички иштер министрлиги ишкерликти коргоого жана ыңгайлуу шартты түзүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди жумшоодо. Ошондой эле ишкерлер өзгөчө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын криминалитеттен коргош үчүн укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен тыгыз мамиле болуулары керек.

«Ички иштер министрлиги укуктук тартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин жүргүзүүнү улантууда. Инсандын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү багыт болуп саналат. 2020-жылдын жанан 2021-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары уюшкан кылмыштуулуктун 200дөн ашык субьектисин кармашкан. Алар ар кандай кылмыштарды жасоого шектелгендер жана издөөдө жүргөндөр. Кармалгандардын арасында 10дон ашыгы криминалдык чөйрөдө жогорку статуска ээ»

2020-жылы 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча укукка каршы аракеттерге тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 22 адам кармалган. Укук коргоо органдары инвестицияларды тартуу үчүн ишкерликти жана иштик климатты өнүктүрүүнү жакшыртууга түрткөн экономикалык коопсуздук максатында бардык күч-аракеттерди жумшайт.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ишкерлерге криминалдык түзүлүштөр тарабынан коркутуулар, опузалап талап кылуулар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну сунуштайт. ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын телефону-0312 26-60-11, 0708 80-08-80.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1288