7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанда күйүүчү май жетишпей, баалар 2 эсе кымбаттады

1459

Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде күйүүчү май соңку 2 жуманын ичинде 12%га өскөн. Май куйуучу жайларда бензин дээрлик калбай калган учурлар катталууда.

Эксперттердин айтуусу боюнча, акыркы 2 ай ичи Тажикстанга ташылып келген күйүүчү майдын көлөмү кескин азайган. Мындан улам баалар даагы да көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Учурда эң арзаны (9 сомани) 67 сом, көпчүлүк жеке секторлордо 90 сомго чейин сатылууда.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2 күн алдын, кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилмейинче,биз аркылуу Тажикстанга бир дагы жүк өтпөйт-деп айткан.

Ошондой эле, кыргыз бийлиги акыркы айларда чек-арадан аткезчилик менен ташылып жаткан товарларга көзөмөлдү күчөтүүдө.

https://www.instagram.com/tv/CMcKXImAJrx/?utm_source=ig_web_copy_link

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1460