7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: Жалал-Абадда өрттүн кесепетинен жалпы 5 млн 952 миң сом чыгым болду

454

Жалал-Абадда 2020-жылга салыштырмалуу өрттүн кесепетинен жалпы 5 млн 952 миң сом чыгым болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2 айында Жалал-Абад облусунда 77 өрт кырсыгы катталып (2020-ж.-55), 2020-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 40% өскөн. Өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 3 автоунаа, 77 тонна тоют жабыркап, 5 млн. 952 миң 690 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 43 млн. 179 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Негизинен өрт кырсыктары (57 өрт, 74 %) турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жалал-Абад шаарында -12, (2020-ж.-8);
— Кара-Көл шаарында- 1, (2020-ж.-1);
— Майлуу-Суу шаарында- 4, (2020-ж.-2);
— Таш-Көмүр шаарында -3, (2020-ж.-7);
— Аксы районунда- 11, (2020-ж.-3);
— Ала-Бука районунда- 5, (2020-ж.-2);
— Базар-Коргон районунда- 4, (2020-ж.-6);
— Ноокен районунда – 11, (2020-ж.-11);
— Сузак районунда -12, (2020-ж.-9);
— Тогуз-Торо районунда -2, (2020-ж.-1);
— Токтогул районунда -7, (2020-ж.-4);
— Чаткал районунда- 5, (2020-ж.-1).

Өрттөрдүн негизги себептери:

— мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонууда–26 (жалпы өрт кырсыгынын 33,8%), (2020-ж.-9);
— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 19 (жалпы өрт кырсыгынын 25 %), (2020-ж.-24);
— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 3 (жалпы өрт кырсыгынын 4 %), (2020-ж.-5);
— балдардын от менен ойноосуунан – 8 (жалпы өрт кырсыгынын 10%), (2020-ж.-8);
— автотехникаларды пайдалаууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан -4 (жалпы өрт кырсыгынын 5%), (2020-ж.-1) өрт кырсыгы катталган.
Урматтуу жарандар! Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:
• Мештерди жагууда өрт коопсуздук эрежелерин сактап, аларды оң абалда кармап, тез-тез тазалап тургула;
• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
• балдарды кароосуз калтырбагыла, аларга от менен ойноосуна жол бербегиле;
• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
• тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
• автотехникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эределерин сактагыла.

Жогорудагы эрежелерди сактоо менен сиз турак-жайынызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз.

455