Сакыев Даурбек Джоомартович Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Мындай жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Даурбек Сакыевдин эмгек жолу:
- 2003-ж. август 2004-ж. июнь – Ысык -Ата райондук билим берүү башкармалыгында мугалим;
- 2004-ж. июнь 2005-ж. июнь – Чүй облустук жарандык коргонуу башкармалыгында башкы адис;
- 2005-ж. июнь 2010-ж. май Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинде жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы;
- 2010-ж. май 2011-ж. октябрь КР ӨКМдин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздугу боюнча агенттигинде башкы адис;
- 2011- ж. октябрь 2012-ж. апрель КР ӨКМдин Мамтоокентехникалык көзөмөлдөө инспекциясында бөлүм башчы;
- 2012-ж. апрель 2014-ж. декабрь КР Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык жана техникалык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясында Башкармалыктын башчысынын орун басары, башкармалыктын башчысы, башкы инспектор;
- 2015-ж. сентябрь 2016-ж. июль Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасында эксперт;
- 2016-ж. декабрь 2020-ж. сентябрь Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти. Талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2020-сентябрь 2022-ж. март Талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын башчысы.