7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

29-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

617

Эртең, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618