«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, иш-чараны чагылдыруу үчүн сегиз өлкөдөн 400гө жакын жергиликтүү жана чет элдик журналисттер катышууда.