7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМТУ “Ала-Тоо жазы” фестивалында Гран-приге жетишти!

337

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Ала-Тоо жазы” республикалык жаштар фестивалында Гран-при наамын жеңип алды.

Аталган фестивалга өлкө боюнча 24төн ашуун жогорку окуу жайларынан жалпы 104 команда катышып, студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрү, сахнадагы өнөрү жана биримдиги сынакка коюлду.

КМТУнун командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана өзгөчө таланттары менен айырмаланып, сынактын баш байгесине — 300 000 сомдук сыйлыкка ээ болду..
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын чыгармачылык дараметин колдоо, маданият жана өнөр аркылуу достукту чыңдоо, ошондой эле таланттуу жаштарды коомчулукка таанытуу болуп саналат.

КМТУнун жетекчилиги студенттерди чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул жеңиш — университеттин гана эмес, бүтүндөй студенттик коомчулуктун чоң жетишкендиги. КМТУ ар дайым жаштардын демилгелерин колдоп, талантты өстүрүүгө багытталган иштерди уланта берет.

338