Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын окуучусу көз жумганын Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Сабак учурунда 7-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы бала 15 жаштагы кызды чаап жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.
«Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер келгенде кыздын өлүмүн катташкан», — деп жазылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайлар аныкталып, ар тараптуу юридикалык баа берилери кошумчаланды.