Ушул жылдын 13-18-декабрь күндөрү Дубай шаарында «Келечекке багыт: жаштар жетектеген чечимдер туруктуу жана тынч дүйнө үчүн» темасында Глобалдык жаштар конференциясы (GYC UAE 2024) болуп өттү.
Иш-чарага дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин делегациясы катышты.
КМТУнун делегациясы төмөнкү курамда болду:
Тарбия иштери боюнча департаменттин директору жана Enactus КМТУ командасынын академиялык эдвайзери Мырзалиева М.А.;
КГТИнин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Дүйшөмбиева Э.А.; Логистика жогорку мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Риферт К.П.; КМТУнун басма сөз катчысы жана Enactus КМТУ командасынын академиялык эдвайзери Султанова А.К.
Конференциянын жүрүшүндө КМТУнун өкүлдөрү панелдик талкууларга, интерактивдүү мастер-класстарга жана климаттын өзгөрүшү, тынчтыкты сактоо, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана жаңы технологиялар сыяктуу глобалдык көйгөйлөр боюнча талкууларга активдүү катышты.
Делегаттар жаштар менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, Enactus КМТУ командасынын долбоорлорун сунуштап, жаш лидерликке байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди сунушташты.
Ошондой эле, КМТУнун делегаттары конференциянын жыйынтыктоочу резолюциясына өз сунуштарын киргизишти. Бул сунуштар жаштар лидерлигин, тынчтыкты сактоону жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
КМТУнун делегаттары маданий алмашуу программасында да активдүү катышышты. Кыргызстандын улуттук салттарын көрсөтүп, улуттук кийимдерди кийип, өлкөнүн мамлекеттик желегин көрсөтүү аркылуу маданий диалогду чыңдоого чоң салым кошушту.
Айта кетсек иш-чара менен байланышкан бардык чыгымдар чакырылган тараптан камсыздалды.