7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор-Арал-Төө-Ашуу жолуна түшкөн таш эки унаага тийген

819

15-март күнү саат болжол менен 16:10дор чамасында Кочкор – Арал – Төө — Ашуу унаа жолунун 150-153-156 чакырым аралыктарында таш түшүп, жолдо жүрүп бара жаткан 2 жеңил унаага тийген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жол убактылуу жабылып, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө. Жабыркагандар жок.

Ошол эле күнү Жумгал районундагы Сары-Булуң – Ак-Көл унаа жолунун 7-чакырымында саат 16:00дөр чамасында көлөмү болжол менен 4м3 таш түшүп, жол каттам жабылган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, жергиликтүү тургундардан 2 адам, Пант-Шер ишканасынан 4 кызматкер тартылган. Жол тазаланып, эки тараптуу жол каттамы ачылган.

Ал эми саат 15:40тар чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 401-чакырымында жолго көлөмү болжол менен 500 м3 таш кулап, жол каттамы жабылган.

Аталган аймакка Кара-Көл шаардык №94 Өрткө каршы куткаруу кызматынын 2 куткаруучу, №30 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 трактор тартылып, жол толук тазаланып, эки тараптуу жол ачылган. Жабыр тарткандар жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820