7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түз эфир учурунда плакат көтөрүп чыккан редактор 14 саат сурак берип, айып пулга жыгылды

720

Түз эфир учурунда плакат көтөрүп чыккан редактор 14 саат сурак берди. Бул тууралуу ал сурактан чыккан соң журналисттерге билдирди.

«Мен колдогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул күндөр менин жашоомдогу эң оор күндөрдөн болду. Анткени мен эки сутка уктабай, 14 саат сурак бердим. Мага жакындарым менен байланышууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Юридикалык да жардам берилген жок. Мен толугу менен эртең айтайын, кичине эс алышым керек»,- деди ал.

Москванын Останкино сотунун чыгарган чечими боюнча Марина Овсянникова 30 миң рубль айып төлөмөй болду. 14-мартта Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери, редактор Марина Овсянникова «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырган плакат көтөрүп чыккан. Кийинчерээк анын дайынсыз болуп жатканы маалымдалган болчу. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721