Кочкор районунда пияздын баасы өстү. Буга чейин Кочкор районунун борборундагы базарда пияздын килограммы 30-35 сомдон сатылып жаткан болсо, учурда 1 килограмм пияздын 55-60 сомдон сатылууда.
Соодагерлердин айтымында Токмоктун жана Канттын базарларында пияздын дүң баасы кымбаттаган.
Ал эми Ош шаарындагы базарларда пияздын бир килограммы 70 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылган.
(Булак: Турмуш басылмасы)