7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор районунда аскер комиссариатынын жаңы имараты ачылды

271

Бүгүн, 6-сентябрда Нарын облусунда Кочкор райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Заманбап эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кыска убакыттын ичинде курулган. Имаратта комиссариаттын толук кандуу иш алып барышы үчүн бардык керектүү кызматтык бөлмөлөр жана шарттар каралган.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурланбек Сатаров, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, ардагерлер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Камчыбек Ташиев өлкө жетекчилиги улуттук жана аскердик коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле аскер кызматкерлер үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Ташиев аскер комиссариатынын жетекчисине ВАЗ-2121 “НИВА” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын, компьютердик жабдуулардын топтомун тапшырды жана жаңы имараттын ачылышын тастыктаган лентаны кесүү аземин өткөрдү.

 

 

272