7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп сентябрда ачылат

4

Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор өлкө бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даярдалды.

Жаңы мектеп үч кабаттуу заманбап үлгүдө курулуп, жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол үчүн жана машыгуу аянтчалары курулду. Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши менен окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, билим берүү сапатын жогорулатууга жана мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө болот.

5