7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо бут кийим чыгарган өндүрүш ишканасы ачылды

897

Нарын облусунун Кочкор районунда «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишкана кытай инвесторлорунун жардамы менен ачылган, учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2 миң даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет. Кытай инвестору Тцаонун айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Сырье Кытайдан алып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары, тамак-аш берилет. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

898