7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо мигранттарды колдоо борбору ачылды

454
Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы №15 профессионалдык лицейде мигранттарды колдоо борбору ачылды. Мындай борборлор Каракол жана Ош шаарларында да ачылган.

Аталган борбордун негизги максаты актуалдуу көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу мигранттардын квалификациясын жогорулатуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу. Бул демилгенин алкагында, окутуучу электрондук микрокурстарду түзүү боюнча методикалык рекомендациялар этабы менен ишке ашып жатат.

Иш-чаранын алкагында, Адам Университетинин ректору, эксперттик группанын жетекчиси С. Сирмбард, «Equality» долбоорунун сапат боюнча эксперти, билим берүү, илим жана маданият боюнча Болгар палатасынын төрагасынын орун басары Мария Станкова тарабынан борбордун мындан аркы иши үчүн «iSpring» Zoom, Prezi программалык камсыздоолоруна лицензия берилди.

Бул демилге «E-Quality» — Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын каржылоосунда ишке ашырылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

455