Бүгүн, 17-сентябрь, ушул учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго болжолдуу 500, 600дөй жаран чогулганы белгилүү болду. Алар «ДНД» элдик ыктыярчы деген формаларды кийип алгандыгы айтылт. Негизинен күчкө жарамдуу эркек кишилер чогулган.
Белгилей кетсек, жөнөкөй жарандарга Стадионго кирип машыгууга тыюу салынган, киргизилбейт. Бирок, автобус менен чогулган 600гө жакын бул ыктыярчылар эмне үчүн чогулгандыгы азырынча белгисиз.
Уюштуруучулардын бири стадиондо сүйлөп, бул жакка келгендер өлкөдө баш аламандыктар же мародерлук башталса, чара көрүү үчүн чогултулганын билдирген. Кечкиге чейин бардыгы тамак-аш менен камсыздалаары айтылган менен ким тараптан каржыланып жаткандыгы айтылган жок.
Белгилей кетсек, бүгүн 17-сентябрь мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. «Акипресс» басылмасы, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө адамдар чогулуп жатканын жазды. 2 күндөн бери коомчулукту дүрбөлөңгө салган «тоголок катта» айтылган акцияга бул чогулуулардын тиешеси барбы, азырынча белгисиз.
Бирок, мындан бир жума алдын ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков, Атамбаевдин кудасы Туйгунаалы Абдураимов митинг өткөрүү ниетин билдиргенин айткан.
«Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, митинг өткөрүүнүн зарылдыгы жок экендигин айттым. Массаны башкаруу оңой эмес, балким арасынан провокаторлор чыгып, акциянын максатын буруп жиберсе, Атамбаевге зыяны тийип калбасын» -дедим деп айткан журналист Самат Качкыновго берген маегинде.