7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Колдон келсе кетиргиле! Бишкектин мэри депутаттарга катуу жооп кайтарды

130
Иштейбизби же силердин алдыңарда отчет берип отура беребизби? Мындай суроону Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин бир катар фракцияларынын жыйынында узатты.
Калаа башчы 14-январдан бери шаардык кеңеш 19 жыйын өткөргөнүн, бирок бир дагы жумуш бүтүрбөгөнүн белгилеген.
«Орун басарларым, департамент жетекчилери иш кылабы же силердин алдыңарда эле отчет берип отурабы? 2024-жылы бул убакта депутаттар жок болгондуктан көп иштерди баштап, нугуна салып койгонбуз. Азыр болсо шаардык кеңешке отчет берип жүрөбүз. Жыйынга фракция жетекчилери катышып жатса эмнеге кайра өзүнчө фракция жыйындарына жетекчилерди чакырып жатасыңар? » — деди мэр.

Жунушалиев бул чогулушка «Жаңы күч» фракциясынын компроматына жооп берүү үчүн келгенин кошумчалаган.
«Жаңы күч» мэрия баарын жеп-жутуп, мүлктүн баарын жок кылганы жатат дегенинен келдим. Уурдасам, жесем, айткыла. Колуңардан келсе кетиргиле, мына мен алдыңардамын. Бирок сураныч, жумуштан алагды кылбагылачы. Баарыбыз ушул жерде отурсак ким көчөгө чыгып иштейт? Эртең шаардыктар кар тазаланбай калды десе, депутаттардан сурагыла, ал күнү отчет берип отуруп иштеген эмесмин деп айтайын», — деди Жунушалиев.
Шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мэрге бул жерде окуучулар эмес депутаттар отурганын айтып, акырыныраак сүйлөөнү суранды. Конгантиев жыйынга чогулуу мыйзам боюнча депутаттардын укугу экенин эске салды.
Жыйында бир топко чейин талаш-тартыш уланып, акыры мэр «14-февралда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы бар экен, ошондо келип отчет беребиз, ага чейин иштей берели» деп туруп кетти.
131