7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Колу, буту таңылып бакка асылган балага «суицидге барган» деген тыянак чыгарышты

202

Аламүдүн районундагы «Тёплые ключи» санаториясындагы бактардын биринде колу, буту, оозу таңылып бакка асылган 18 жаштагы О.Э. аттуу маркумдун туугандары милиция кызматкерлеринин чыгарган тыянактарына аң-таң бойдон калышууда. Бул тууралуу алар жергиликтүү маалымат булактарына билдиришкен.

Колу, буту таңылган адам кантип өзүн-өзү асып алмак эле?!

маркумдун жакындары


Маркумдун сөөгү 21-ноябрда табылган. Бирок ал үйүнөн 6-ноябрда чыгып кеткен. Жакын туугандары 7-ноябрга караган түнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.


«Ошол күнү ал өзүнүн унаасы менен авто тетик алуу үчүн «Кудайберген» базарына кеткен. Бирок тез эле барып келүүнү убадалаган. Көп өтпөй биздин чалууларыбызга жооп бербей баштады, андан соң телефону өчүк. Баарыбыз анын телефону өчүп калып достору менен жүрсө керек деп ойлогонбуз», — дейт жакын туугандарынын бири.


Сары санаа болгон жакындары түнү менен анын бардык досторуна чалып чыгышкан. Тилекке каршы эч кимиси ал күнү көрүшкөн эмес. Качан гана ата-энеси милицияга кайрылышканда анын жансыз денесин «Тёплые ключи» санаториясынан табышканын билишкен.
«Анын денесин өлүкканага алып барышканда милиционерлер суицид деп каттап катташкан экен. Ал эми күч органдары да буга суицид деп тыянак чыгарып беришти. Бирок ушундай болушу мүмкүнбү? Колдору, буттар байланып, скотчтолуп турат го. Ал өзүн байлап кайра аса албай болчу да», — дешет жакындары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

203